• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ӨКМ: Жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келтирилген жок

6 Баш оона 20257:33 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы 3 тайпага бөлүнүп жеринде иштеп жатат.

Базар-Коргон районунда жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө, натыйжада Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үйдүн дубалынан жаракалар пайда болгон.

Сузак районунда жабыркагандар боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө, натыйжада Кыз-Көл а/а №32 орто мектебинин спорт залынын дубалдарынан жаракалар пайда болгон.

Учурда Таш-Көмүр шаарында жана калган райондордо кыйроолор болгон жок.

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Белгилей кетсек, аталган облуста бүгүн саат 19:44тө күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.

Количество просмотров: 166