• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ӨКМдин басма сөз кызматына жаңы жетекчи келди

18 Бугу 2022 16:43 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Алим Токторов дайындалды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алим Токторов 1992-жылдардан тарта Кыргыз телерадио берүү комитетинде кабарчы, редактор, режиссер, Баткен мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

Мындан сырткары, ал “Биз” эстрадалык ансамблин, “Алим Токторов продакшн” студиясын жетектеп, “Жыйырманчы жаз”, “Дөңгөлөк kg” көркөм фильмдеринин, “РАЗЗАКОВ” тарыхый тасмасынын режиссеру жана актеру катары таанылган.

Ошондой эле Токторов 2021-жылдын 1-октябрынан баштап продюсер жана режиссер катары Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков жөнүндө даректүү фильмди тартууга киришип, быйыл 4-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата бет ачарын өткөрдү.

Ал жогорку билимдүү, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин автотранспорт бөлүмүн 1992-жылы аяктаган. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телекөрсөтүү факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө 4-курстун студенти. Дикторлук жана режиссерлук курстарды окуган.

Үй бүлөлүү, бир кыздын, эки уулдун атасы.

Количество просмотров: 279