• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ӨКМдин Оштогу жетекчиси алмашты

28 Чын куран 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругу менен Ош облустук башкармалыгынын башчысы болуп Асан Сулайманов дайындалды. Аны 28-апрелде эмгек жамаатына министр өзү тааныштырды.

Асан Сулайманов буга чейин аталган башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген тажрыйбасы — 17 жыл. Үй-бүлөлүү, 45 жашта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрликтин Ош облусундагы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алмаз Эргешов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 138