КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Тажикстанда машыгуу өткөрөт.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев журналисттерге билдирди. Машыгуу келерки жылда өтөрү айтылды.
КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын башчылары 14-ноябрда Токмокто жыйынга чогулуп, Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийгизген таасирин талкуулашты. Анда жалпысынан 27 чечим кабыл алынды.
Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын …