• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коңшу Казакстанда карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт

17 Жалган куран 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында 20-марттан тарта карантиндик чектөөлөр күчөтүлөт. Бул тууралуу  казакстандык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, мындай токтомго Алматы шаарындагы башкы санитардык дарыгер Жандарбек Бекшин кол койгон.

Шаардагы коомдук транспорттор жумуш күндөрү кадимки режимде каттаса, эс алуу жана майрам күндөрү саат 06:00 — 10:00, кечинде саат 17:00 — 22:00 аралыгында каттайт.

Супермаркет, гипермаркет жана азык-түлүк түйүндөрү саат 06:00 — 02:00 аралыгында, азык-түлүк дүкөндөрү менен кичи маркеттер саат 06:00 — 24:00 аралыгында иштейт.

Соода борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Жумуш күндөрү саат 10:00 — 21:00 аралыгында ачык болот.

Ал эми базарлар жумуш күндөрү саат 06:00 — 17:00 аралыгында ачык болсо, ишемби жана жекшемби күндөрү жабылат. Мындан тышкары дагы бир катар жайларда чектөөлөр болору айтылды.

Буга чейин коронавирус жуктурган жарандардын саны өсүп жатканына байланыштуу чектөөлөр боло турганы айтылган.

Количество просмотров: 202