• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кочкор-Чаек унаа жолундагы кырсыкта 4 киши жабыркады

14 Жетинин айы 201816:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Кочкор-Чаек унаа жолунун 12-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, «BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четиндеги даракты сүзгөн. Кесепетинен 4 киши ар кандай жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жеткирилди.
ӨКМнын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, унаада кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Количество просмотров: 54