• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026
????????????????????????????????????

Кодуранова Касымалиевага: Сен ушул жерден элди бөлүп атасың!

27 Кулжа 201914:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева агынан жарылып, КСДПга пресс-катчы болуп келгенин айтты.

Атамбаев мага айткан «КСДП менен сени алып келдим»,- деп. Азыр болсо атчандарды алып келип, таштарды үйүнө төгүп жатканы туура эмес деп баалады.

«Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк. Атамбаев мамлекетти 6 жыл башкарды. Учурда Түндүк-Түштүк маселесин көтөрүп жатат», деди Касымалиева.

Буга Асель Кодуранова Атамбаевдин учурунда бул маселе көтөрүлбөгөнүн белгилеп, Атамбаев элди эки жаатка бөлүп-жарбай, тескерисинче бириктирейин деп жатат деди.

«Түндүк-Түштүк маселеси ал жерде такыр эле көтөрүлгөн жок, сен ушул жерден элди бөлүп атасың!», -деди Асель Кодуранова.

Количество просмотров: 29