Бүгүн, 6-апрелде «Манас» Эл аралык аэропортуна Екатеринбург каттамы менен 17 жаран учуп келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, калган 12 адам обсервацияга алынган.
“Урал авиакаттамынын” самолету РФтин 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти,-деп айтылат маалыматта.
Екатеринбургдан учуп келгендердин арасында Орусияда дарыланып жаткан Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу айтылды.
Ал ИИМдин госпиталине жаткырылды.
Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.