• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орусия Кыргызстанга тогуз мектеп куруп, аны өзү башкарат

24 Үчтүн айы 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

Россия Кыргызстанда тогуз мектеп курат. Бул боюнча келишимдин долбоору 23-январда Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралды.

Билим берүү министри Улан Мамбетакуновдун айтымында, мектептер курулуп бүткөндөн кийин аны Россия өзү башкарат. Кыргызстандын макулдугу менен Россия жараны директор болуп дайыналат.

«Россиянын жана Кыргызстандын окуу стандарттарынын негизинде окуу программасы түзүлөт. Кыргыз тили, кыргыз адабияты жана тарыхы дагы окутулат. Россиядан келген мугалимдер иштешет. Ишке кыргыз мугалимдери дагы тартылат», — деп билдирди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Россия мектептерди жети облуста, Бишкек жана Ош шаарларында бирден курат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш жакында эле Бишкектеги мектепти «Газпром Кыргызстан» компаниясына 20 жылга бекер колдонууга өткөрүп берди. Окуу жайда акы төлөп окутулат. Россия анын ордуна аймактарга мектеп курууну пландап жатканы айтылган.

Количество просмотров: 633