Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын башталганын билдирди.
“7-августтагы факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 264чү (массалык баш аламандык) жана 266-беренелери (бейбаштык) боюнча каттоого алынган. Кагылышуудан Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына жаракат алган 47 киши кайрылган, аларды 22си УКМКнын жана эки киши ИИМдин кызматкерлери. Арасында 23 жай тургун бар. Андан сырткары, ок жеген УКМКнын бир жоокери каза болду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, жалпысан 40дан ашуун адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Андан тышкары, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал суракка баруудан баш тарткан.