«Кока-Кола» компаниясынын Россиядагы дистрибьютору Россия Федерациясынын аймагындагы ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, мындан ары Россияда «Кока-Кола» компаниясынын суусундуктары өндүрүлбөйт жана сатылбайт.
Белгилей кетсек, Coca-Cola Hellenic — The Coca-Cola Company соода белгилеринин астында суусундуктарды куюу жана бөлүштүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Ал 28 өлкөдө бизнес жүргүзөт. Орусияда компаниянын Москва жана Москва облусунда, Санкт-Петербургда жана башка шаарларда заводдору бар.