• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Көчмөндөр оюндары: Кыргыз көк бөрүчүлөрү казактарды 10:4 эсебинде жеңди

12 Аяк оона 202418:38 Бишкек Govori.TV

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын курама командасы Казакстандын улуттук курама командасын 10:4 эсебинде утуп алды.

Муну менен кыргыз курамасы V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча алтын медалды утушту.

Финалдык беттеш Астанадагы «Казанат» ипподромунда өттү.

Көк бөрүдөн жарым финалда Казакстан Түркияны 15:1 эсеби менен, Кыргызстан Орусия курамасын 11:6 эсеби менен жеңип, финалга чыгышкан.

Количество просмотров: 308