• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кокулов: «Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылып жатышкандай сезилип жатат

9 Кулжа 2022 13:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Ак-Кеме» мейманканасы банкрот болуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин эң кымбат жеринде жайгашкан мейманкананын 2021-жылдагы кирешеси болгону 300 миң сом болгон.

«Шаардын эң кымбат жериндеги килейген 16 кабаттуу мейманкананы атайын эле банкрот кылып жаткандай сезилип жатат мага. Мен барып сурасам, лифттер иштебейт дешти. Бешке жакын лифт бар экен, алардын бирөөсү да иштебей калыптыр. Мен лифт орноштурган компанияларга барып сурасам, бир лифтти 28 миң 200 долларга орнотуп беришет экен. Эч болбосо мейманкана кылбастан, офис кылып койсо, кирешеси көбүрөөк болмок. Эмне үчүн мындай, колдо турган нерсени иштете албайбыз? Бул жерде президенттик номерлер күнүнө 1700 сом, жөнөкөй номерлер күнүнө 1000 сом экен, бул баалар кайдан коюлган? Кыргызстанда күнүнө 1000 сомдон номерлер барбы азыр?» — деди ал.

Количество просмотров: 149