• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Мал союуучу жайлардын аянычтуу абалын чагылдырган журналист Эрулан Кокуловго жергиликтүү тургундар каршы чыгышты (видео)

10 Үчтүн айы 2021 12:51 Бишкек Govori.TV

«Не сахар» долбоорунун автору, теле алып баруучу Эрулан Кокулов Чүй облусуна караштуу Беловодск айылында мал союуучу цехтеги тазалык, гигиена жана тамак-аш коопсуздугун иликтеп чыкты. Аталган видео материал социалдык тармактарда нааразы пикирлерди жаратып, мал союуучу жайлардын тазалыгы талкууга алынды.

Тасмадан мал чарба продукциясын өндүрүүдө санитардык эрежелер сакталбаганын көрүүгө болот.

«Беловодск айылында өлгөн балким ооруган малдын этин сатып иш кылып жаткандардын үстүнөн тартып келдик. Ал жакта ар кандай жандыктардын этин элге сатып жатышат»,-деп жазылат маалыматта.

Бул окуядан көп узабай, аталган цехтин алдынан тартылган видео тарады. Алар «журналист Эрулан Кокуловго нааразыбыз» деп кыйкырып жатышканын көрүүгө болот. Нааразы болгондор эмне үчүн каршы пикирде экендерин так айтышкан эмес.

Количество просмотров: 4368