Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына кырка тизилип тоскон жергиликтүү тургундардын видеосу тарады.
Видео материалдан жашоочулар желектерди булгалап, президенттин кортежин узатып жатканын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш кызуу талкуу жаратты.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барган.