• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Колледждерге окууга тапшыруунун 3-туру башталды

12 Баш оона 202214:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-августта орто кесиптик окуу жайларына окууга тапшыруунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, автоматташтырылган маалымат системасынын сайтында 162 колледждин профили жайгаштырылган.

“Абитуриент online” системасынын ачык маалыматтарына ылайык, быйылкы жылы окууга кабыл алуу планына ылайык гранттык негизде 4020 орун, келишимдик негизде 72 миң 238 орун каралган»,-деп жазылат маалыматта.

Ар бир турда абитуриенттер бюджеттик орунга жана келишимдик окууга бирден арыз бере алышат.

Количество просмотров: 120