2020-жылдын 12-октябрдан баштап түнкү пландалган бардык каттамдар ырааттама боюнча аткарылат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз катчылыгы билдирет.
Бишкек шаарынын комендантынын буйрутмасы менен 12-октябрь күнү саат 22:00дөн таңкы 05:00 чейин коменданттык саат киргизилгендигине байланыштуу жүргүнчүлөр билеттери жана паспорттору менен өткөрүлөт.
Ал эми авиа ишканалардын кызматкерлери кызмат күбөлүгү жана паспорттору менен өткөрүлөт. Абалга туура түшүнүп «Манас» аэропортуна убагында келүүңү суранышат.