• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 адам кармалды

27 Чын куран 20209:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-апрелге караган түнү өзгөчө абал режими бар аймактарда коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 адам кармалды. 6 автоунаа айып короого токтотулду, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал режими жарыяланган. Саат 21.00 – 06.00 аралыгы коменданттык саат.

Бүгүн түнү кармалгандар:

— Бишкек шаары– боюнча 66 адам;

— Ош шаарында 1;

— Жалал-Абад шаарында 5;

— Сузак районунда 2;

— Нарын шаарында 4;

— Ат-Башы районунда 2 адам кармалган.

Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин эч ким бузган эмес.

Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан бери эреже бузган 3582 адам кармалган.

Количество просмотров: 90