• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Комендатура: Бишкекте түн тынч өттү

15 Тогуздун айы 2020 9:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык комендатурасынын 15-октябрь, саат 00:00гө карата берген маалыматына караганда, борбор калаада абал тынч. Шаардык милиция аскер кызматкерлери жана Элдик кошуундун мүчөлөрү менен чогуу калаанын коопсуздугун кайтарып турат.

Коменданттык саат 22:00дө башталган. Коомдук тартипти бузуу, талап-тоноо жана башка мыйзамсыз аракеттер катталган жок.

Эски аянтта да, президенттик резиденция тарапта да чогулган адамдар жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасы маалымдады.

Мурдараак президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчынын жарлыгы менен киргизилген Өзгөчө абалдын талаптары аткарылбай, көчөдө адамдар топтошуп жүргөнү, милициянын аларды жоопко тартуу аракети байкалбай жатканын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык саат 22:00-5:00го чейин коменданттык саат жарыяланган. Бул убакта автоунаалар, коомдук транспорт жана жөө адамдар көчөдө жүрбөшү керек.

Өзгөчө абал учурунда күндүз массалык иш-чараларды, пикет-митинг, жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салынган.

14-октябрь күнү Бишкекте эки жерде митинг өттү. Эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетишин талап кылып турушту. Ал эми “Ысык-Көл” мейманканасынын алдында легитимдүү бийликти колдогон митинг өттү.

Количество просмотров: 190