• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Комиссия Салянованын жүрөк оорусун тастыктады (видео)

16 Үчтүн айы 2018 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.18.Govori.TV

Бишкек шаардык соту Саламаттыкты сактоо министрлигине “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын ооруп жатканына ишенбей комиссия түзүп, текшерүүгө алуу талабын койгон. Комиссия түзүү демилгесин соттук ишти карап жаткан коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова көтөргөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия Аида Салянованын ооруп жатканын тастыктады. Депутатка «жүрөк кемтигинен жабыркайт» деген диагноз былтыр декабрдын этегинде коюлган. Ошондон бери Салянова соттук териштирүүгө келе элек. Салянова үч дарыгерден турган топтун катышуусунда эхокардиографиядан өткөрүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү, комиссиянын жетекчиси Нургүл Ибраева билдирди.

Количество просмотров: 11