• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Комитет:18 күн ачкачылык кармаган саясатчылардын өмүрүн президент сактап калат

16 Бирдин айы 2018 13:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.02.2018. Govori.TV.
Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын абалына көңүл бурууну суранып, президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылды.
«Саясий ачкачылыктын он сегизинчи күнүндө үч патриоттун өмүрү –Асанов, Кадыров, Карыбековдун президенттин жана парламент депутаттарынын гана колунда экендигин билдиргенге аргасызбыз»,- деп айтылат маалыматта.
16-февралда комитеттин сайтына жарыяланган кайрылууда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевдин, соттордун, прокурорлордун ишмердигин текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү, аларга нааразы болгон элдин үнүн угуп, мыйзамсыз иштерге чара көрүү өтүнүчү келтирилген.
Ачкачылык кармап жаткан камактагы саясатчылар Кубаныч Кадыров менен Эрнест Карыбековду, 15-февралда биринчи убактылуу кармоочу жайга которушту (СИЗО-1). Ал эми Бектур Асанов али 47-колонияда кармалууда.
Ачкачылык кармаган саясатчылардын жакындары 14-февралда Жогорку Кеңештин алдында акцияга чыгып, президенттен жана соттордон аталган саясатчыларга көңүл бурууну, алардын ишин калыс кароону, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышкан.
«УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери «кургак ачкачылык» кармай баштаган. Алар «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.
Эскерте кетсек, бийликти күч менен басып алууга аракеттенген, деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов 2-февралдагы Бишкек шаардык сотундагы жараянда УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылды. Бектур Асанов сөз сүйлөп, анын талаптары аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки процесске мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. «Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет, же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз”, – деген сөзүн айыпталуучулардын жакындары жана Бишкектеги «Саясий туткундарды коргоо комитети» уюму интернетке жарыялаган.
«Мамлекеттик сыр» деген негизде райондук жана шаардык сот саясатчылардын ишин жабык териштирди.
Количество просмотров: 41