• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Коммерциялык банк 124 миң сом айыпка жыгылды

4 Бештин айы 2023 12:13 Бишкек Govori.TV

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 124 миң сом айып салды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банк маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы үчүн контролго тийиш болгон операциялар боюнча отчетторду берүүнүн талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы үчүн, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү КР мыйзамдарында белгиленген, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылган.

Белгиленгендей, коммерциялык банкка жалпы суммасы 124 миң сомдук 2 айып салынды.

Количество просмотров: 280