• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коммерциялык банктардын бири 21 млн. сомдук айыпка жыгылды

10 Бештин айы 202511:01 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк тарабынан 5-декабрда бир коммерциялык банкка кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана ички контролдоо системасын уюштуруу талаптарын бузгандыгы үчүн 21 600 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта кайсы финансылык уюм айыпка жыгылганы тууралуу жана иштин чоо-жайы боюнча жазылган эмес.

Количество просмотров: 107