• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзам. Жумушчу топтун иштөө мөөнөтү узарды

27 Кулжа 202314:54 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрация сунуштаган «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун иштөө мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды. Маалыматты жумушчу топтун мүчөсү Таттүүбүбү Эргешбаева тастыктады.

Маалыматка караганда, Жапаров токтомго 14-июнда кол койгон. Жумушчу топ «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгып, 1-октябрга чейин коомдук талкууга чыгарышы керек.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 8-февралындагы буйругу менен жумушчу түзүлгөн. Ага 1-июнга чейин убакыт берилген болчу.

«Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну «мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо» зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда «чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар» түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.

Ал эми эл аралык уюмдар бул демилгеге тынчсыздануусун билдирип чыккан.

Количество просмотров: 93