Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев дары-дармек өндүрүүчү заводду куруу маселеси боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), «Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед» компаниясынын жана Польшанын фармацевтикалык «LEKAM» компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катуу пероралдык дары формаларын, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды өндүрө турган фармацевтикалык комплекс куруу маселелери талкууланды.
Жалпы инвестициянын көлөмү 25 млн АКШ долларын түзөт. Бул долбоор 800гө чейин жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Долбоорду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында ишке ашыруу пландалууда.
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин башчысы катары мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан инвестициялык долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.