Бүгүн, 19-февралда депутат Дастан Бекешев коммуналдык төлөмдөр кымбат болуп жатканын айтып, өкмөткө кайрылды.
Дастан Бекешев президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, 2024-жылга салыштырмалуу канча адам коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албай жатканын жана тарифтер ашыкча көтөрүлүп кеткендигине талдоо жүргүзүүнү өтүндү.
Депутат аларды мурдагы деңгээлге кайтарбаса да, кыскартуу керек деп эсептейт. Жок дегенде жарандарга бөлүп-бөлүп же кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранды.