UFCнин эки салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор өзүнүн тарапташтарын октябрь айында өтө турган Ирландиянын президенттик шайлоосуна анын талапкерлигин бюллетенге киргизүүгө көмөк кылууга чакырды. Макгрегор Instagram баракчасына өзүнүн видео кайрылуусун жарыялаган.
«Эгерде сиз менин атымды президенттикке шайлоо бюллетенинде көрүүнү кааласаңыз, мен сизди бүгүн жергиликтүү аймактык кеңештерге кайрылып, мени көрсөтүүнү суранам», — дейт ал.
Макгрегор март айында эле президенттикке талапкер болуу пландары жөнүндө айткан. Өткөн аптада ал шайлоого катышуусун «камсыздап койгонун» билдирген, деп белгилейт The Irish Times.
Бирок Макгрегордун фамилиясы жергиликтүү кеңештер менен байланышып, алардын колдоосуна жетүүгө аракет кылган талапкерлердин бир дагы тизмесинде жок болчу. Шайлоо бюллетенине кирүү үчүн Макгрегорго парламенттин 20 мүчөсүнүн же төрт жергиликтүү же округдук кеңештин колдоосу керек.