• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Консулдук багыттагы кызмат көрсөтүүчү борбор ачылды

17 Бештин айы 202417:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 17-декабрда КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоо максатында, жарандар менен  ыңгайлуу жана жеткиликтүү байланыш түзүү үчүн жарандардын кайрылууларын кароо боюнча  күнү-түнү иштей турган Борбордун (мындан ары – Борбор) ишке киргенин жарыялайт.

Бул Борбор аркылуу консулдук кызматтардын кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөнкү багыттардагы тиешелүү маалыматтарды ала алышат:

  • визаларды тариздөө;
  • паспорт маселелери;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча арыздар;
  • Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу;
  • башка консулдук кызматтар.

Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өздүк документтерин жоготкон учурда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган же консулдук-укуктук маселелер боюнча башка кырдаалдарда «ыкчам байланыш» телефон аркылуу онлайн-консультациялык жардам көрсөтүшөт.

Жардам алуу үчүн +996 999 312 002 номерине WhatsApp же e-consul.gov.kg сайты, ошондой эле Facebook, Instagram, WhatsApp, Telegram социалдык тармактары  аркылуу кайрылууга болот.

Бардык кайрылуулар кыска мөөнөттө каралып, зарыл болгон учурда андан ары көмөк/консультация көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине жана консулдук мекемелерине же министрликтин жооптуу кызматкерлерине багытталат.

Количество просмотров: 122