• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Контейнер мектеп жөнүндө премьер-министрдин басма сөз катчысы билдирүү жасады

7 Аяк оона 2019 14:49 Бишкек Govori.TV

Контейнер мектеп билим берүү тутумунда ондогон жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн символу болуп калды. Бул тууралуу КРнын Премьер-министринин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев макала жазды.

Билдирүүнү толук беребиз.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнер мектеп билим берүү тутумунда ондогон жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн символу болуп калды. Аларды эң ириде жарандардын түшүнүүсүнө ээ болуп, колдоосун тапкан чечкиндүү жана ырааттуу аракеттерсиз чечүүгө мүмкүн эмес. Дал ошондуктан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүүнүн сапатына түздөн-түз таасир бере турган терең ойлонулган жана негиздүү чараларды кабыл алууну талап кылууда. Өкмөт бул маселелерди жаап-жашырып келген эмес. Тескерисинче, ар дайым бардык мамлекеттик органдардын күчүн аларды чечүүгө жумшап келет. Бул өңүттөн алганда Өкмөт бул суроого кайрадан өзгөчө көңүл буруп жана мектепте билим берүүнү жакшыртуу чараларын күчөтүү үчүн коомдогу кызуу талкууну болушунча натыйжалуу пайдаланууга аракет кылат.

Ошондуктан бюджеттик кирешенин объективдүү кыйынчылыктарына карабастан, Өкмөт өлкөдө рекорддук сандагы мектептерди курууга каражаттарды издеп жатат жана республикада бир дагы авариялык мектептин калбашына жетишүүгө ниеттенүүдө. Кечээ жакында эле мындай мөөнөттө бул максатка жетүү мүмкүн эместей сезилген. Акыркы кездерге чейин билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы объекттерди тургузууга тутумдуу мамиле жасалбаганы жашыруун деле эмес. Айрым учурда саясий мотивдеги ар кандай факторлорго байланыштуу көбүнесе артыкчылыксыз объекттер каржыланып, жаңы мектептерди куруу токтоп калган. Муктаж райондордо көп сандаган курулушу бүтө элек объекттер токтоп турганда, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылып, каржылоо маселелерин чечүүдө башаламандыктар байкалган. Бүгүнкү күнү жагдай түп тамырынан өзгөрүп, натыйжада, бардык ресурстар мобилдештирилип, акыркы үч жылда өлкөдө рекорддук 220 жаңы мектепти ачууга жетишилди.

Ошентсе да Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө ар дайым белгилегендей, жаңы имараттарда окутуунун тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу үчүн мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана мугалимдерди колдоо бир кыйла маанилүү маселе болуп саналат.

Өкмөт мугалимдердин айлыгын 30%га көтөрүү үчүн резерв таба алды. Мугалимдердин үмүтү иш жүзүндө акталбай калган 2011-жылдагы тажрыйбаны эске алуу менен, маянаны калыс жана толук көлөмдө көтөрүүнүн механизмдери иштелип чыгууда. Муну менен катар Премьер-министр окуучусу окууда ийгиликке жеткен мугалимдерди сыйлоого каражат табууну тапшырган. Мухаммедкалый Абылгазиевдин ою боюнча, бериле турган каражаттын көлөмү алчу айлыгынан он эсе көп болушу керек. Учурда деталдуу түрдө эсептелип жатат, андан кийин акыркы чечим кабыл алынат.

Бул демилге олуттуу өбөлгө болот жана мугалимдер арасында чыныгы колдоо таба баштады. Премьер-министрдин жада калса алыскы райондордогу мектептерди дагы интернет менен камсыздоо тапшырмасы дээрлик аткарылды. Жыйынтыгында бул чаралардын баары мектептерде мугалимдерге карата талаптарды күчөтүүгө жана ошону менен бирге мугалимдик кесипти кайрадан ардактуу кылууга жол ачат.

Быйыл эски мектеп авариялык катары таанылган Кеңеш айылындагы контейнер мектеп билим берүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурдурду. Себеби бул ар бир үй-бүлөгө, өлкөнүн ар бир жашоочусуна тийиштүү жана биздин мамлекетибиздин жана коомдун келечегине таасирин тийгизет. Бул шарттарда Өкмөт ушул өзүн толук актаган коомдук резонансты жана жарандардын тынчсызданууларын мектептерде билим берүүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүү чараларын мындан аркы күчтөндүрүүдө жана коомго өз ишинин конкреттүү жыйынтыктарын көрсөтүүдө негиз катары алат.

Количество просмотров: 104