• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Коомдук транспортто буюм жоголсо кайда кайрылуу керек?

24 Бирдин айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан табылгалар бюросу уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алса телефон аркылуу кайрылып, арыз калтыруу жетиштүү болот. Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек.

Кайрылууларды 7-Апрель көчөсү, 4а дарегине же болбосо төмөнкү Whatsapp-номерлерге калтырууга болот:

  • 0 (502) 20 52 02 – кичиавтобустарда;
    – 0 (990) 30 60 76-троллейбустарда;
    – 0 (700) 46 56 60-автобустарда.
Количество просмотров: 200