• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынат

10 Бештин айы 202421:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканысынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш чараларды өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Рейд учурунда муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр текшерилет.

Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамдарга ылайык айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү 1000 сом.

Количество просмотров: 152