• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Коомдук транспорттордун иштөө графиги өзгөрөт

19 Баш оона 202015:05 Бишкек Govori.TV


1-сентябрга карата коомдук транспорттун иштөө графиги кайра каралып чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Буга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда коомдук транспорттун иштөө графиги өзгөрүп, чектөө киргизилген. 1-сентябрда окууга барган окуучуларыбыз менен ата-энелерибизге ыңгайлуу болушу үчүн коомдук транспорттун жүрүү графиги 1-сентябрга карата өзгөртүлөт», — деди Боронов.

Количество просмотров: 1484