• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коомдук транспортту 21-майда тарта ишке киргизүүнү токтотуп турууну сунуштады

19 Бугу 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын ыкчам штабынын жетекчиси коомдук транспортту 21-майда тарта ишке киргизүүнү токтотуп турууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын отурумунда ӨКМдин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов билдирди.

Ал белгилегендей, коомдук транспорт качан ишке кире турганын айта албайт.

Буга чейин коомдук транспорт 11-майдан тарта ишке кире турганы маалымдалган. Кийинчерээк премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук транспорттор (троллейбус, автобус, кичи автобус) азырынча ишке киргизилбей турганын жарыялады.

«Коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек», — деген ал.

Количество просмотров: 561