• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Троллейбус маселеси Жогорку Кеңеште. Бишкек менен Оштун мэриясынын карама-каршылыгы байкалды

31 Жалган куран 202520:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош электр» коомдук транспорту долбоору боюнча макулдашуунун долбоорун күн тартибинен алып салышты.

Документте троллейбустарды сатып алуу үчүн шаарга 14 миллион 740 миң евро бөлүү каралса, анын 5 миллион евросу гранттык каражат болгон. Бирок, белгилүү болгондой, түштүк борбордун мэриясы троллейбустун ордуна 30 электробус сатып алууну чечкен.

Талкууда депутаттар троллейбустарга карата шаардык муниципалитеттердин карама-каршы билдирүүлөрүн байкашты.

«Оштун вице-мэри троллейбустар арзан экенин айтып жатат. Ошол эле учурда Бишкек мэриясы транспорттун бул түрүн жоюп жатканда 205 миллион сом дотацияга жумшалып жатканын айткан. Бир эле транспорт, бирок көрсөткүчү эки башка. Эки мэриянын жыйынын өткөрбөйсүңөрбү. Үч жылдан кийин дагы бул транспортту жараксыз деп айтасыңар анан», — дейт депутат Бактияр Калпаев.

Эл өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясы троллейбустар тыгын жаратып, шаардын көркүн бузуп жатканын айтса, Ош бийлиги бул транспорт, тескерисинче, тыгын маселесин чечет деп айтып жатканын эске салды.

Мындан улам Бактияр Калпаев кийинки жыйынга борбор калаадагы троллейбустар өткөн Нарын жана Баткен шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.

Количество просмотров: 160