Борбор калаада санитардык эрежени сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына 519 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Текшерүү иш-чаралары Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын техикалык көзөмөлдөө бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы жана санитардык-эпидемиологиялык инспексиясы менен бирдикте жүргүзүлуп жатат. Анда коомдук транспортун ичиндеги санитайзердин бар-жогу, санитардык тазалык жана аралыктын сакталышын карашат. Ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленет.
1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 транспорт санитардык текшерүүдөн өтүп, эреже бузуу боюнча салынган айып пулдун суммасы 519 миң сомду түздү.