Жаңы жылдык майрамга карата Бишкек шаарында 31-декабрь жана 1-январь күнү коомдук унаанын иштөө убактысы узартылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү №2, №4, №7, №8, №10, №14 троллейбус жана автобус, маршруткалар 6:00дөн 00:00гө чейин иштейт. 1-январда автобус менен троллейбустар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми маршруткалардын 0:00гө чейин элге кызмат кылары айтылды.
Эгерде коомдук транспорт боюнча маселе жаралса, шаардыктар төмөнкү номерлерге чалса болот:
Шаардык транспорт башкармалыгы (маршрутка боюнча) — 0 (312) 533 648 (диспетчерлик кызмат), 0550143637.