УКМК 3-апрелде “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
Ага укук коргоо органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип, мыйзамды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары белгиленди.
“Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок, айрым жарандар аталган мыйзамдын талаптарына баш ийбей жүрүшөт”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалагынын жетекчисинин орун басары Зарылбек Раимкулов коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө 1-майдан тартып айып салына баштарын айтты.