• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

“Коопсуз шаар” үчүн “Веганын” тандалганы мыйзамдуу болгону аныкталды

2 Жетинин айы 2018 14:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Бишкектин район аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарды. Бул аркылуу сот Орусиялык “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Жеңилген тарап эми 30 күн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылууга укугу бар.
Маалым болгондой, комиссия буга чейин Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия тендерде утуп алган орусиялык «Вега» компаниясы «талапка жооп бербейт» деген чечим чыгарган.
Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган. Комитет ​аталган компания мыйзамдуу тандалган деп эсептейт.
Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерди уткан “Вега” концерни компаниясы күмөн жаратып, “Вега” концернинин бул жаатта иш тажрыйбасы бар экендиги тууралуу документтери жок болуп чыкканын  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин директору Бакыт Шаршембиев билдирген.
Количество просмотров: 13