• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КСДП: Атамбаевдин «Ала-Арчага» курган үйү мыйзамдуу

22 Жетинин айы 201817:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
“КСДП” партиясы депутат Наталья Никитенконун билдирүүсүнө жооп айтып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Алар-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагына курулган үйү мыйзамдуу экенин аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык , дачанын курулушу президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги астында болгон.
“Курулуш менен Жогорку Кеңештин жана президенттин иш башкармасы алектенген. Премьер-министр кол койгон өкмөттүн токтому чыккан. Эгерде бул курулуш мыйзамсыз болсо, анда бул мекемелер бул маселе менен алектенбейт эле”,-дейт Жолдубаева.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында, Наталья Никитенко Атамбаевдин дачасынын курулушуна уруксат документтери берилген эмес деп билдирди.
Количество просмотров: 55