• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сот журналист Султаналиевди камакта калтырды

2 Бирдин айы 2024 14:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык соту журналист Сайпидин Султаналиевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Султаналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, кан басымы жогорулап жатканын айтты.

«Бийликти басып алууга чакырык жасаган деген айып аша чапкандык», — деди ал.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 144