• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пулдан 1,7 млрд сом чогулду

31 Бугу 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча жалпы Жол кыймылынын эрежесин бузуу тууралуу 2 млн 373 миң 355 токтом чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин ЖКККББ башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 1 млн 566 миң 870 сом айып 1 млрд 728 млн 921 миң сом суммасында төлөнгөн, бул жакпы токтомдун 66%ын түзөт.

“Бюджетке 1 миллиард 728 миллион 921 миң сом бюджетке түштү. Убагында төлөнбөгөн айып пул жана туум эсептелип сотко өткөрүлө турган 130 миң токтомдун 70 миңи сот аткаруучуларга жиберилди. Анын ичинен 17 миңине байланыштуу айып өндүрүлдү”,-деди ал

Количество просмотров: 82