• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Коопсуз шаар” кооптуу бойдон ишке ашмай болду

19 Бештин айы 2018 17:31 Бишкек Govori.TV

19. 12. 2018. Govori.TV

7 жылдан бери ишке ашпай келген “Коопсуз шаар”долбоору жакын арада өз ишин баштоо алдында турат. Тендерден уткан “Вега”компаниясы долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду. Аталган долбоор 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт.

Депутат Махабат Мавлянова буга чейин коңшу өлкөлөр“Коопсуз шаар” долбоорун Кыргызстандыкынан кыйла арзан каражатка ишке ашырышканын белгиледи. Мисал катары Тажикстанды алсак болот. Анткен менен ар бир өлкөнүнөзүнүн ыкмасы бар. Бизде дагы ошондой ыкманы колдонуу сунушталган. Бирок бүгүнкү долбоор мамлекетке абдан пайдалуу болуп турат дейт.

Канча убакыт создукталып келген аталган долбоор эми ишке ашышы керек.  Антпесе бул маселе өкмөткө же парлементке аброй алып келбейт. Айрым кемчиликтер болгонуна карабай эми бул компанияга мүмкүнчүлүк берилиши керетигин айтты депутат Акылбек Жапаров.

Өткөн жылы өлкө аймагында 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон. Мындан улам бул долбоорду тезирээк ишке ашыруу талабы  коюлууда. Ушуну менен катар эле аны ишке ашыруу баасынын жогорулугу талкуу жаратканда, өкмөт бул долбоорго мамлекет тарабынан бир сом да коробосун айтып, тескерисинче пайда алып келээрин билдирген.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын 38 көчөсүнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат.  Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлаары белгилүү болду. Бул долбоор ишке ашканда жол кырсыктары азайып, мамлекетке да пайда болот.

Количество просмотров: 27