• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Коопсуз шаар» долбоорун «ВЕГА» компаниясы ишке ашырат

21 Аяк оона 2018 13:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
«Коопсуз шаар» долбоору боюнча ачык аукционду «ВЕГА» «Радиоуктуруу концерни» орусиялык компаниясы утту. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун наркы 2 млрд 320 млн сом деп аныкталган. Бул баштапкы баадан 230 млн сомго аз. «Вега» «Радиоуктуруу концерни» биринчи лот боюнча 1,125 млрд сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик взнос катары которуп берүүгө тийиш болот.
Сынактын шартына ылайык, «Вега» «Радиоуктуруу концерни» тийиштүү техниканы жеткирүүнү камсыздап, жабдууларды монтаждоо боюнча ишти баштоосу керек.
Өкмөт башчы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон процедураларды тыкыр жыйынтыктоону, анын ичинде видеокөзөмөлдөө камералары орнотулчу конкреттүү кесилиштерди жана унаа жолдор тилкесин  көрсөтүү менен тийиштүү келишимди даярдоону тапшырды.
Количество просмотров: 28