Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Бишкек-Торугарт унаа жолунда орнотулган видеокамераны аткылап жарактан чыгарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан кабарлашты.
Аламүдүн РИИБга Бишкек-Торугарт унаа жолунун 10-чакырымында орнотулган камера жарактан чыкты деген маалымат бүгүн саат 10:56да келип түшкөн. Камераны белгисиз адамдар ок атуучу курал менен атышкан. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалганы айтылган.
Мындай окуя жалгыз эмес. Эске салсак, 6-июнь күнү Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде кечки саат 23:20да бейбаштар “Коопсуз шаар” долбоорунун камерасына сагызын чаптап, 5 балдардын бири колунун ортоңку манжасын көрсөткөн видеону Элдик Медиа сайты жарыялаган.