• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Коопсуздук кеңеши: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

1 Бугу 2021 23:32 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-май күнү саат 22:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында күчтөр менен каражаттардын туруктуу дислокация жерлерине чыгарылып кетишин көзөмөлдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү.

Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майында Кыргызстан убактысы боюнча саат 08.00дө (Тажикстан убактысы боюнча 07.00) башталат.

Кырдаал өлкө президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 180