Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, президент бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырма берди.
“Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, аймакты бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди. Кырдаал президенттин көзөмөлүндө. Мамлекеттик органдар бул багытта иш алып барууда. Тажик аскерлеринин ок чыгаруусунан кыргыз тараптан курман болгондор жана жабыркагандар бар. Алардын саны учурда такталууда, кошумча маалымат берилет”, — дейт ал.
Иманкулов тажикстандык кесиптешине ок атышууну токтотуу боюнча кайрылуу жасагынан маалымдайт.
“Алар буйрук берип жатабыз дешүүдө. Бирок чек арачылары жетекчилерин уккан дагы жок. Тескерисинче, күчөтүү менен ок атышууда. Саат 16:00дөгү сүйлөшүүлөргө карабай тажик тарап ок атууну кайра баштады”, — деди Иманкулов.