Чек арада кыркка жакын жоокер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда өткөн брифингде Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, цифралар өзгөрүшү мүмкүн, такталып жатат.
«Тилекке каршы биз жоготууларга дуушар болдук. Мекенди сүйүп, баатырларча курман болгон жоокерлерибиз болду, алардын саны кыркка жакын. 70ден ашыгы ар кандай жаракаттарды алышты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, шейит кеткен жоокерлердин ата-энесине, жакындарына көңүл айтам!»,-деди Иманкулов.