Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Даурбек Сакыев маалымат жыйынында Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда турганын билдирди.
Ошондой эле кооптуу делген көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашканын, аларга мезгил мезгили менен байкоо жүргүзүлүп турарын кошумчалады.
21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон. ӨКМ көл жер астынан жырылганын билдирген.