Бишкек. 22.09.2018. Govori.TV
Сеул—Алматы каттамындагы учактын жүргүнчүлөрү Кыргызстандын министрликтеринин биринин жогорку кызматында иштеген мас аялдын айынан учпай калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазды. Көп өтпөй бул айым Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова экени билинди.
Социалдык тармактарда Зууракан Каденова президент Сооронбай Жээнбековдун жээни болоору айтылды. Бирок бул маалыматты президенттин басма-сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева төгүндөдү.
«Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым Кыргыз Республикасынын Президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз. Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоодо. Аныктыгы такталса, Премьер-министрге ал министрге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Башка маалыматка ылайык, Зууракан Каденова Кара-Кулжа районунан болот, КСДП партиясынын активтүү мүчөсү.
Эскерте кетсек, 20 сентябрда Сооронбай Жээнбеков Кемин районунун тургундары менен жолугуп жатып, президент болгондон кийин тууган көбөйдү деп айтканы бар.