Корея Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасын берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эскерте кетсек, AstraZeneca Кыргызстанга ушул жылдын май айында Индиядан Covax механизминин алкагында келиши керек болчу. Бирок Индия жеткирүүдөн баш тартты.
«Корея дагы баш тартты, эми август айында Швейцариядан 218 миң доза күтүп жатабыз», — деди министр.